Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Балалуу эркек (өзүнүн балдарына карата). – Илгери менин атам да ушул кенде проходчик болуп иштөөчү эле (Сасыкбаев). Кыз атасы – Кулжыгач («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Жалпы эле улгайган эркектерге кайрылганда урматтоо иретинде айтылат. Балбылдатып ата Ильичтин Чырактарын жагамын (Бөкөнбаев). – Ташбай ата, алмасы качан болот? – деди Динар (Сыдыкбеков). 3. Мифтик түшүнүк боюнча үй айбандарынын колдоочусу. Чолпон ата (койдун колдоочусу). Камбар ата (жылкынын колдоочусу). Чычаң ата (эчкинин колдоочусу). Ойсул ата (төөнүн колдоочусу).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ат берүү, ысым коюу. Ошондон бери ал жерди Кыз-Күйөө деп атап калышат. 2. Атын, ысымын айтуу, атын айтып чакыруу. Улам бир баланын атын атап, Нина Леонтьевна ага суроо жаңыртат (Сыдыкбеков). Фрунзе өскөн шаарым, сүйгөн калаам, Сагынсам атыңды атап канааттанам (Осмонов). 3. Арноо, багыштоо. Чоко жалгыз коюн баласына атап союп бардыгын чакырды (Жантөшев). Кысыр эмди кур тайдан Арбакка атап соёлук («Эр Табылды»).